Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №1312 шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу фактысы катталды

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1328 | 0

Бишкектеги №1312 шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу фактысы катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов кабарлады.

Эртеден бери ИИМде жалпы 26 маалымат катталды. Анын 12си үгүт иштеринин бузулушу, 8и добуш сатып алуу, үчөө шайлоочуларды ташуу жана үчөө башка бузуулар.

«Бишкектеги шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу боюнча видео такталды. Ал №1312 тилкеде орун алган. Жерине документтештирүү тобу жөнөтүлгөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинде 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө», — деди Макилов.

Шайлоочуларды массалык ташуу боюнча бир арыз түштү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM