Биз менен байланышыңыз

Шайлоочуларды массалык ташуу боюнча бир арыз түштү

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1481 | 0

Саат 16:00гө карата жарандарды шайлоо тилкелерине топтоп ташуу боюнча бир факты катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады.

Анын айтымында, БШКнын жумушчу тобуна шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча эртеден бери жалпы 36 кайрылуу келген. Анын ичинде админресурс колдонуу боюнча 3 кайрылуу, үгүт иштеринин шарттарын бузуу боюнча 13 кайрылуу, талпкердин укугунун бузулушу боюнча 1 арыз, бюллетенди сүрөткө тартуу боюнча 1 даттануу түштү. Эсептөө урналардын жанында белгисиз адамдардын турганы боюнча 2 кайрылуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү боюнча 11 кайрылуу, добуш сатып алуу тууралуу 3 арыз жана башка кайрылуулар түштү.

36 арыздын эң көбү — 18и Бишкек шаарынан келген.

6 кайрылуу боюнча акты түзүлдү, 3 кайрылуудагы маалымат тастыкталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM