Биз менен байланышыңыз

Референдумга «макул» үгүт тобу 7 млн сом, «каршы» үгүт тобу 100 сом сарптады

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1568 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына референдумга 15 үгүт тобу катталган. Алардын 12си Конституцияны кабыл алдыруу үчүн үгүттөсө, үч топ «каршы» добуш берүүгө үндөдү.

Алардын ар бири өзүнүн шайлоо фонддорун түзүп, ал аркылуу каржыланышы керек болгон. 15 үгүт топтун ичинен эки топ акча каражаттарынын келип түшүүсү жана сарпталашы боюнча банк мекемелери берген маалымат боюнча №11 «макул» үгүт тобу 7 млн 267 миң 150 сом каржыласа, №12 «каршы» үгүт тобу 100 сом өлчөмүндө которгон, бирок колдонгон эмес.

№11 «макул» үгүт  топтун жетекчиси болуп саясат таануучу Алмазбек Акматалиев эсептелинет жана курамы 12 адамдан турат.

Кыргызстандагы Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча өтө турган референдумга 55 миллион 642 миң 300 сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM