Биз менен байланышыңыз

Түшкү саат 12.00гө карата 445 миң 533 жаран добуш берди

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1486 | 0

Кыргызстанда түшкү саат 12:00гө карата жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого 445 миң 533 жаран добуш берди.

Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде кабарлады. Бул жалпы шайлоочулардын 13,43%ын түзөт.

Шаардык кеңештерге 133 миң 116, айылдык кеңештерге 312 миң 417 шайлоочу тандоосун кылды.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүп жатат. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM