Биз менен байланышыңыз

Шайназаров: Мыйзам бузуулар боюнча 3 саатта 25 кайрылуу түштү

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1439 | 0

Бүгүн, 11-апрелде 3 сааттын ичинде шайлоо мыйзамдарынын бузулганы боюнча 25 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады.

Анын айтымында, даттануулардын 12си такталып, чара көрүлүп жатат. Калганы жакынкы мүнөттөрдө укук коргоо органдары тарабынан текшерилип, чара көрүлөт.

Шайназаров бүгүн эле эки чоң факты катталганын, алар боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

«Ош шаарында бир партиянын өкүлдөрү акча таратып жатканы тууралу видео тарады. Ал факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Дагы бир видео Бишкектеги №1054 тилкенин жанынан таштандыдан бюлеттендер табылганы айтылды. Учурда бул маалыматтар текшерилип жатат. Күнөөлүүлөр аныкталат, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт».

БШК: Белги коюлган беткаптарды текшерип жатабыз (видео)

Талапкер: Ошто айрым партиялар шайлоочуларга акча таратууда (видео)

Copyright © 2017 Maral FM