Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Ысык-Көлдө 13 миӊ 539 адам добуш берди

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1303 | 0

Ысык-Көл облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн  референдумга добуш берүү жүрүп жатат. Таңкы саат 8:00дөн тарта 250 добуш берүү тилкеси иштеп жатат.

Саат 10:00гө карата добуш берүүчүлөрдүн саны 13 миң 539 адамды түздү.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Ак-Суу районун Теплокюченка айылдындагы №3120 шайлоо тилкесинен добуш берди.

Ысык-Көлдө 5-апрелге карата шайлоочулардын саны референдумга 311 миң 538, жергиликтүү кеңешке 297 миң 500 адамды түздү.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Референдумду өткөрүү учурунда Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук коопсуздукту сактоо үчүн 700дөн ашык милиция кызмат өтөөдө.

Ал эми 250 шайлоо тилкеде 500 милиция кызматкерлери тартылып, аларга жардам иретинде элдик кошуундардын 742 мүчөсү, 124 ички иштер органынын ардагери тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM