Биз менен байланышыңыз

Баткенде 27 айылдык, 6 шаардык кеңешке шайлоо өтүүдө

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1329 | 0

Баткен облусунда референдумга карата 218, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого  201 шайлоо тилкеси ачылды.

Облус боюнча референдумга добуш берүүчүлөрдүн саны 300 миң 500, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 279 миң 875 жаран укук алган.

Облуста 27 айылдык, 6 шаардык кеңеште шайлоо өтүүдө.

Шаардык кеңештин депутаттыгына 166 мандатка 56 партия жана айылдык кеңештин депутаттыгына 577 мандатка 1633 талапкерлер ат салышууда.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык шайлоо участкаларында санитардык талаптарга ылайык шарттар түзүлгөн.

Бул күнү коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөгө жалпысынан 882 милиция тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM