Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министри кызматкерлерге батирдин ачкычын тапшырды

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 1539 | 0

Бүгүн, 10-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев министрликте эмгектенген Мира Тургунбаева, Жазгүл Калмырзаевага кызматтык батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министр өз сөзүндө Президент Садыр Жапаровдун саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү тутумунун кызматкерлерине өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Ошондой эле 1-апрелден баштап, үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100%га көтөрүлгөнүн эске салды.

«Ошондой эле 1-июлдан тартып бардык медицина кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га жана 50%га көтөрүлөт. Муну менен катар көп жылдардан бери саламаттыкты сактоо тутумунда иштеп, батирде жашап жүргөндөргө кызматтык батирлер бөлүндү. Бүгүн чындыгында эле муктаждарга ачкычтар тапшырылды», — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM