Биз менен байланышыңыз

1-июлдан тарта маданият жана маалымат кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 1926 | 0

Ушул жылдын 1-июлунан тарта искусство, маданият жана маалымат кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт. Тиешелүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «улуттук» макамы бар маданият мекемелеринин кызматкерлеринин айлыгы буга чейин да 80%га жогорулаганы эске алынып, «улуттук» же «академиялык» макамдуу маданият мекемелеринде эмгектенгендердин айлыгы 20%га көтөрүлөт. Булардан башка мамлекеттик жана жергиликтүү маданият мекемелеринде иштегендердин айлыгы 50%га жогорулайт.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров «Фейсбук» баракчасы аркылуу жасаган билдирүүсүндө маданият кызматкерлеринин эмгек акылары да 1-июлдан баштап 50 %га көтөрүлө турганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM