Биз менен байланышыңыз

Мээрим Жуманазарова Токиодогу Олимпиадага жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 10 Апр 2021 | 1561 | 0

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия аймагындагы күрөш боюнча лицензиялык мелдеште Кыргызстандын балбан кызы Мээрим Жумназарова Токио Олимпиадасына жолдомо жеңип алды.

Кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча 68 кг салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешин кытайлык Жу Фенг менен өткөрүп, 7:5 эсебинде утуп алды. Андан кийин казакстандык Жамиля Бакбергенованы 10:3 эсебинде жеңди. Жарым финалда Индиянын балбан кызы Ниша Нишаны 13:3 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Бул лицензия Кыргызстан үчүн он биринчи болду. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков (күрөш), Дария Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая (жеңил атлетика) жана Денис Петрашов (сууда сүзүү)  Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM