Бүгүн, 10-апрелде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскар Жаныбеков баштаган министрликтин кызматкерлери «Элита» мамлекеттик станциясына ишембиликке чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Кызматкерлер станциянын айланасын тазалоодон тышкары, 1140 ар кандай сорттогу алма, өрүк, теректин көчөтүн олтургузушту.
«Көчөттөрдү отургузуу менен мөңгүлөрдү эрүүдөн сактап, экологияны коргой алабыз. Көчөттөрдү отургузууда өзгөчө көңүл буруп, аяр мамиле кылгыла. Күз мезгилинде көчөттөрдүн канчасы өнгөнү жана өнбөгөнүнөн кабар алабыз,» — деди министр.
Эскерте кетсек, буга чейин министрлик «Бир жарандан бир көчөт» аттуу чакырык менен өлкө жарандарын жер-жерлерди көрктөндүрүү иштерине жигердүү катышууга үндөгөн.