Биз менен байланышыңыз

Көтөрүлгөн айлык дарыгерлерди канааттандырабы?

Саясат | 9 Апр 2021 | 2092 | 0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-апрелдин кечинде «Фейсбук» баракчасы аркылуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акысы  1-апрелден баштап 100%га көтөрүлгөнүн, ал эми калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары 1-июлдан баштап 50%га көтөрүлө турганын жарыялады. Буга чейин Жапаров маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, үй берүүнү убада кылган эле.

Ошол эле учурда башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жана пенсия, жөлөк пулду жогорулатууга булактарды издеп жатканын, баарын бир мезгилде көтөрүүгө бюджет туруштук бере албай турганын белгилеген.

Президент айлыктарды көтөрүү боюнча билдирүү жасады

Ал ортодо бүгүн, 9-апрелде Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Өкмөт үйүндө брифинг өткөрүп, анда медицина кызматкерлеринин маянасы көтөрүүгө бюджеттен жалпы 1 млрд 131 млн сом каражат бөлүнгөнүн маалымады.

«Кыргызстандын саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосун, саламаттыгын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан. Аталган жарлыктын негизинде 8-апрелде Өкмөттүн токтомуна кол коюлду. Бул токтомдун негизинде медицина кызматкерлеринин эмгек акылары 1-июлдан баштап 50%га көтөрүлдү. Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы 1-апрелден баштап 100%га көтөрүлдү. Бул кошумча чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Буга 1 млрд 131 млн сом кошумча каражат талап кылынат. Каражат бүгүнкү күндө Экономика жана финансы министрлигинде табылган. Тийиштүү  өзгөртүүлөр республикалык бюджетке киргизилгенден кийин, кошумча чыгашалар төлөнүп берилет. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге төлөнө турган чыгымдардын суммасы быйылкы жылдын бюджетинде 630 млн сом деп каралган»  

Учурда жогорку билимдүү дарыгердин маянасы беш миң сомдон башталат. Ал эми 30 жылдык стажы бар дарыгерлердин айлыгы — 13 миң сом. Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов иш учурунда коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге 200 миң сом өлчөмүндөгү компенсация, ал эми кызмат учурунда каза болгондорго бир миллион сом компенсация төлөнөрүн айткан. Бирок пандемия башталгандан бери дарыгерлерге кошумча акы төлөө маселеси толук чечилбей турат.

Эгерде үй-бүлөлүк дарыгерлердин негизги эмгек акысы ушул убакытка чейин 5 миң сом болсо, 1-апрелден 10 миң сом болот. Орточо айлык бир штаттык бирдикке 8 миң 598 сомду түзсө, көтөрүлгөндөн кийин 12 миң 897 сомду түзмөкчү. Бирок, ошол эле учурда аткаруу негизиндеги төлөмдөрү токтотула турганын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева белгиледи.

«Экинчи этап ушул жылдын 1-июлунан баштап, башка медициналык кызматкерлердин маянасы 50%га көбөйөт. Учурда врачтардын бир штаттык бирдикке орточо айлык маянасы 8 миң 598 сом болсо, көтөрүлгөндөн кийин 12 миң 897 сомду түзмөкчү. Орто даражадагы кызматкерлердин айлык маянасы учурда 7 миң 826 сомду түзсө, көбөйгөндөн кийин 11 миң 739 сомду түзөт. Ал эми кичи даражадагы кызматкерлердин айлыгы учурда 6 миң 659 сом болсо, 1-июлдан баштап 9 миң 998 сомго чейин жетет. Андан тышкары административдик башкарууда иштеген кызматкерлердин айлык акысы да 50%га көтөрүлөт. Ал эми башка кызматкерлердин маянасы 40%га көтөрүлөт». 

Учурда Кыргызстанда жалпы 73 миң 504 медицина кызматкери бар. Анын 12 миң 269ун врачтар түзсө, 2915ин үй-бүлөлүк дарыгерлер түзөт. Ал эми орто даражадагы медкызматкерлердин саны 31 миң 175 жана кичи даражадагы медкызматкерлердин саны — 14 миң 630.

Мурдагы Экономика министри Эмил Уметалиев Кыргызстандагы медицина тармагынын абалын эске алганда, азыркы айлык акыларды көтөрүү аракеттерин убактылуу чара деп эсептейт.

Анын айтымында, медицина тармагын түп-тамырынан өзгөртүп, татыктуу маянага жетүү үчүн аталган тармакта адилет, калыс атаандашуу шартын түзүү керек.

«Медицина тармагындагы адамдар көбүрөөк өздөрүнүн эмгегин башка кишилердин муктаждыгына сунуштагыдай шарт, эркиндик түзүп беришибиз керек. Ошондо элдин да көйгөйү чечиле баштайт жана ал тармактагы профессионалдар бири-бирине көбүрөөк киреше бөлүшкөнгө мүмкүнчүлүктөрү болот. Атаандашуунун аркасынан ал жерге инвестиция, технология келет. Алар келип атаандаштык көбөйгөндө, алардын маянасы же кирешеси атаандаштыктын бийик деңгээлине көтөрүлөт. Бизде Совет доорунан калган саламаттыкты сактоо тармагындагы ишканалар монопалдуу шартта болгондуктан, мамлекеттин күчү ал жакка тартылып, ал ишканалар башка жеке менчиктин өнүгүүсүнө бөгөт коюп, көп жаңы демилгелер өнүгө албай турат». 

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров кошумча каржы булактарын табуу ишканаларды көбөйтүү жана төлөгөн салыктын көлөмүнүн өсүүсү менен пайда болот деп эсептейт.

Анын пикиринде, карыз алуу менен айлык акыларды төлөө өлкөнү келечекте туңгуюкка алып барат. Ошондуктан өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртып, ишканалардын санын көбөйтүү керек.

«Айрым азык-түлүккө баалар 60-70%га чейин өсүп кетти. Бул жерде сомдун түшүп кеткенине байланыштуу айлыкты инфиляциянын көлөмүнө көтөрүү керек. Менин оюмча, бүт эле тармакта айлыктарды 10-15%га көтөрүү керек. Болбосо, мурунку алган акча азыркы тамак-ашка тете болбой калат. Бирок айлыкты 100% көбөйтүп жатса, анда Каржы министри санаса керек, бирок кантип  көбөйткөнүн мен билбейм. Менимче, азыр бюджет кыйналып калат. Анткени биз жаңы ишкана ачылды, салык төлөөчүлөр көбөйдү деген маалыматты уккан жокпуз».

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын ноябрь айындагы маалыматы боюнча, кыргызстандыктардын 30 пайыздан ашыгы 11 миң сомго чейин гана айлык алат. Өлкөдө 50 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 10,6 %ы 5 миң 562 сомго чейин айлык алат. Алардын катарын маданият кызматкерлери да толуктайт. Президент билдирүүсүндө маданият кызматкерлеринин эмгек акылары да 1-июлдан баштап 50 %га көтөрүлө турганын айткан.

Мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Капаров президенттин бул аракеттин кубаттады. Ал бул салтты мындан ары да улаш керек деген ойдо.

Анын айтуусунда, мамлекеттик органдардын системасында эң аз айлык менен иштегендер — маданият кызматкерлери.

«Төрт, беш, жети миң сом айлык алгандар бар. Театрларда бүгүнкү күндө эң эле жогорку айлык ала турган тармак — Опера жана балет театры. Бул жерде бүгүнкү күндө дүйнөлүк тенденция да, башкаларга караганда бул театрдагылар көбүрөөк алышы керек. Анткени бүтүндөй убактысын ушул гана ишке арнай алат. Башка бир жактан киреше табышы мүмкүн эмес. Ошол жерде 7-8 миң сом айлык алат. Коңшуларды эле ала турган болсок, ал жерде 500 доллардан 1000 долларга чейин айлык алып, ага катар турак жай менен камсыз болушат. А бизде андай шарттар жок. Ошондуктан мындай көтөрүлүп жатканы — жакшы жаңылык».

Балет бийчилеринин сабыры түгөндү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2020-жылдын 7 айында орточо айлык акы 18 миң сомду түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM