Биз менен байланышыңыз

Балет бийчилеринин сабыры түгөндү

Билим-маданият | 9 Мар 2021 | 2843 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлери 6-мартта болгон чыр тууралуу түшүндүрүп, өздөрүнө кысым болгонун айтып беришти. Орусиялык артисттердин катышуусундагы «Ак куу көлү» спектакли жергиликтүү артисттердин айлык акысына байланыштуу маселени козгоду.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында айлык акыга байланыштуу маселе жылдар бою чечилбей келгенин балет труппасынын кызматкерлери айтып чыгышты.

Алардын бири Айдана Аднаева буларга токтолду:

— Биздин артисттер орточо эсеп менен 8-9 миң сом айлык алабыз. Мисалы, бийлегенде кие турган бир бут кийимибиздин баасы 110-120 доллар турат. Болгон акчабызды ошол бут кийимге эле жумшайбыз, анткени театр аны алып бере албайт. Ал үчүн театр тендер өткөрүп, балет бут кийимин тиккен компания менен келишим түзүшү керек. Бирок сапатсыз кийим менен сахнага чыга албайсың. Биз ушул жарыбаган акчага күн көрүп, элдин алдында жылмаюу менен бийлейбиз.

6-мартта Опера жана балет театрында «Ак куу көлү» коммерциялык спектаклин коюу үчүн Орусиядан эки артист чакырылган. Аны «Радужка» коомдук фонду уюштурган. Бирок жергиликтүү балет кызматкерлери спектаклге катышпай койгон. Анын себеби эмгек акыга байланыштуу экени маалым болгон.

Жергиликтүү балет труппасынын кызматкерлери гастролдоп келген орусиялык артисттер менен иштешүүдөн баш тартуу – улуттар же мамлекеттер аралык араздашууга жол ачпашы керек деген пикирде.

Жогорку категориядагы балет бийчиси жана мугалим Екатерина Белоустун айтымында, жергиликтүү артисттер койгон спектаклдердин баасы 100 сомдон 450 сомго чейин болот. Коммерциялык спектаклдин билети 1000-2000 сомго чейин сатылат.

Жергиликтүү артисттер коммерциялык спектаклге катышканда аткарган жумушу чет элдиктер менен бирдей болот, бирок аларга эмгек акы төлөнбөйт.

— Опера жана балет театрында болгон чырдан кийин биздин дарегибизге ар түрдүү пикирлер, жалган жалаа да айтылып жатат. Биз орусиялык артисттер менен дайыма иштешип келгенбиз, алар менен сый мамиледебиз. Бизди улуттар аралык кастыкты козутууга айыптап жатышат, бул туура эмес. Мындан тышкары, окуяны атайын даярдалган чагым деп да айтып жатышат, бул айтылгандарды да төгүндөйбүз. Коммерциялык спектаклге катышпай коюу чечими опера-балет кызматкерлери тарабынан кабыл алынды, бул карама-каршылыкка башка тараптар түрткү болгон жок. Бул чыр театрдагы узак жылдан бери жаралып келген көйгөйдүн туу чокусу болду.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери андагы көйгөйлөрдү айтып чыккандан кийин ар кандай кысымдар болгон. Бул тууралуу театрдын жетектөөчү солисти Марат Сыдыков да айтты. Ал жергиликтүү артисттер көп жылдан бери театрдын жетекчилиги тарабынан кандай мамиле көрүп келгенин ачыктады.

6-мартта спектакль коюлган күнү аны уюштурган «Радужка» коомдук фонду биздин кесиптешибизге басым кылып, милиция чакыртабыз деп, чагымчылдык уюштурушту. Администрация тарабынан да кысым болду, бир канча кызматкерге иштен кетиребиз деп айтылды. Театрда болгон чырдан кийинки күнү, 7-мартта концерт коюшубуз керек эле, эч кандай түшүндүрмө бербей туруп, бизди ага катышуудан алып салышты. Бүгүн да репетицияларыбыз токтоп калды, биздин оюбузча, бул — басым.

Биз жетекчилик менен диалог курууну эле кааладык, бизге көңүл бурбай жатпайбы. Жылдар бою жергиликтүү артисттер өзүн кулдай эле сезип келет. Себеби бизге жарыбаган айлык төлөнөт, толук кандуу иштесек да коммерциялык спектаклдерге катышканыбыз үчүн эмгек акы берилбейт. Мындан тышкары, көп спектаклдерге жергиликтүү артисттер катыштырылбайт. Бул биздин улуттук репертуарга да терс таасирин тийгизет. Бирок мунун баары эл аралык деңгээлге чыкпашы керек. Себеби биз тууралуу улуттук коопсуздук кызматкерлери да иликтей турганын уктук. Керек болсо Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салганга чейин барышат экен. Социалдык тармактарда да жалган маалыматтарды таратып жатышат. Мындай кылган туура эмес.

Нааразылыктардан кийин опера жана балет театрында бир канча убакытка чейин коммерциялык спектаклдер коюлбай турганы маалым болду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чатакка байланыштуу атайын комиссия түздү.

Министрликтин басма сөз кызматкери Айнура Асанбаеванын айтымында, комиссия 10 жумушчу күндүн ичинде жагдайды карап чыгып, андан ары чечим кабыл алуу үчүн иликтөөнүн корутундусун театрдын жетекчилигине жөнөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM