Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 9-апрелде өлкөдө күн ачык болот

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1522 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-апрелде өлкөдө жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 11…16 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7 градус, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM