Биз менен байланышыңыз

Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңеште ант берди

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1591 | 0

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында Мейкинбек Абдалиев ант берип, депутаттык кызматка киришти. Ага Борбордук шайлоо комиссиясы 1-апрелде мандат тапшырган.

Маалым болгондой, Абдалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болуп дайындалган Мирлан Бакировдун ордуна келди.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп 30-мартта дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча Абдулатип Режавалиев турган, бирок ал жазган арызына байланыштуу талапкерлердин тизмесинен чыккан. Мындан улам ордуна Мейкинбек Абдалиев депутат болуп келди.

Абдалиев «GARANT-AUTO» жана башка бир нече компанияны жетектеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM