Мамлекеттик салык кызматы Чүй облусунун Токмок шаарында борбордук базарда өткөн пландуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктады.
Маалыматка караганда, акциздик маркасы жок 4532 таңгак тамеки тартылып алынды.
Ишкердик субъектилерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөрү кабарланды.
Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле алкоголдук продукция акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен лицензиясыз сатылган фактыларды көргөндө кабарлап коюуну өтүнөт.
116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номери боюнча кайрылууга болот.
Контрафакттык тамекилерди аныктоо боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.