Бишкекте 6-апрелде жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.
Жылуулук берүү убактысы күндүн табы беш күн катары менен 8 градустан жогору болгон мезгилден баштап аяктайт.