Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык футболист Чехиянын футбол клубуна өттү

Кыска кабар , Спорт | 5 Апр 2021 | 1632 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасынын мүчөсү Адилет Каныбеков Чехиянын футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, 18-жаштагы футболист Праганын «Дукла» клубуна өткөн. Ал «Дукланын» жаш курамасы менен өлкө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда ойнойт.

«Дукланын» спорт директору Ян Станектин айтымында Каныбеков клубдун башкы курамында ойноо мүмкүнчүлүгү жогору. «Биз Адилеттин топту эркин көзөмөлдөп, өзгөчөлөнгөн техникасына кызыктык. Анын улуту жана футбол ойноо стили бизге такыр окшошпойт. Мына ошонусу менен ал биз үчүн кызыктуу, Эгер үчүнчү лиганын оюндары башталса, ал биздин команда үчүн ойноп баштайт», — деп кошумчалаган.

Буга чейин Адилет Каныбеков Түркиянын «Бешикташ» футболдук клубунун жаштар курамында ойноп келген.

Гүлжигит Алыкулов Казакстанда алгачкы голун киргизди (видео)

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM