Биз менен байланышыңыз

Гүлжигит Алыкулов Казакстанда алгачкы голун киргизди (видео)

Кыска кабар , Спорт | 5 Окт 2020 | 1107 | 0

Кыргызстандык футболчу, Алматынын «Кайрат» футбол клубунун чабуулчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстан премьер-лигасындагы алгачкы голун киргизди.

«Кайрат» командасы «Астана» клубун кабыл алып, 3:0 эсебинде утуп алды. Биринчи голду 24-мүнөттө кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов киргизди.

Беттештин экинчи бөлүгүндө Айбол Абикен экинчи голду киргизди, андан кийин Алыкуловдун тепкен тобу атаандаштын коргоочусунун бутуна тийип гол болду.

Гүлжигит Алыкулов Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу. Ал 2019-жылы «мыкты футболчу» наамын алган.

Алыкулов учурда Казакстандын «Кайрат» клубунда ойнойт. Ал — Европа лигасында гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу. Ага чейин Беларусиянын «Неман» клубунда да ойногон.

2020-жылдын март айында Азия футбол конфедерациясы (АФК) Борбор Азиядагы келечектен көптү үмүттөндүргөн мыкты жаш футболчулардын тизмесин жарыялаган. Ага Гүлжигит Алыкулов да кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM