Биз менен байланышыңыз

Преференциалдык ыкма: Бюллетендерди азыркы электрондук урналар деле эсептей алат

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Апр 2021 | 1377 | 0

Преференциалдык ыкма менен шайлоо бюллетендерин азыркы электрондук урналар эсептей алат. Кошумча жабдуу сатып алуунун кажети жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, АСУлар үчүн атайын программа жасалат. Аны 2 айга жетпеген убакытта даярдоого болот жана 2 млн сомдой каражат талап кылынат.

Эл өкүлү мындан сырткары преференциалдык шайлоо системасын парламенттин көпчүлүк депутаттары колдоп жатканын, күздө боло турган шайлоону ушул ыкма менен өткөрүү багытында иштер жасалуу алдында турганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM