Биз менен байланышыңыз

Марипов: Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду ачылат

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1385 | 0

Өзбекстан менен Кыргызстандын соода алакасын 1 млрд доллардан 2 млрд долларга чыгаруу келишилди. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов «Facebook» баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду ачылганы турат. Анын артында өндүрүш тармагында бир топ маселелер чечилет.

Өзбек тарап 1 миң тонна буудай үрөнүн берет. Анын тең жарымы жардам катары берилсе, жарымын кийинчерээк Кыргызстан буудай иретинде кайтарат. Ушундай эле ыкма менен 500 тонна пахта үрөнү берилди.

Мындан сырткары Өзбекстан белек катары 10 миң тонна көчөт тартуулады.

«Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем. Өзбекстан биздеги муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун берет. Казакстан да жардам катары 1 миң тонна буудай үрөнүн берүүнү пландап жатат», — дейт Марипов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM