Биз менен байланышыңыз

Жапаров аскердик машыгууларынын жүрүшүнө көз салды

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1407 | 0

Президент, Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Баткен облусундагы Бужум аскер полигонунда өтүп жаткан «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жыйынтыктоочу фазасы менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровго 1-апрелден 3-апрелге чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында өткөрүлгөн машыгуулардын максаттары менен алардын жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.

Маалым болгондой, аталган машыгууларга 2 миңден ашуун аскер кызматкери катышып жатат. Ошондой эле 100дөн ашуун аскердик унаа, артилериялык курал, жана авиатехника тартылган. Иш-чарага Орусия, Казакстан, Беларусия, Тажикстан, Улуу Британия, Пакистандын аскер атташелери да чакырылган.

Машыгуулар аяктагандан кийин Жапаров сөз сүйлөп, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге генерал-майор погонун, Өкмөттүн Баткен облусундагы Өмүрбек Суваналиевге мамлекеттик-жарандык кызматтын I класстагы мамлекеттик кеңешчиси чининин күбөлүгүн, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик-жарандык кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси чининин күбөлүгүн тапшырды. Ошондой эле  бир катар аскер кызматкерлерине энчилүү сааттар, Коргоо министрлигинин 30-630 аскер бөлүгүнө Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 600 миң сомдун сертификаты берилди.

Андан соң машыгуунун катышуучуларынын салтанаттуу жүрүшү болду. Соңунда Президент күч жана аскер түзүмдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү бийликтин жетекчилери менен чакан кеңешме өткөрүп, мындай иш-чаралар Коргоо министрлиги тарабынан жыл сайын өлкөнүн ар кайсы облустарында өткөрүлүп турары белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM