Биз менен байланышыңыз

Баткенде лимонду мыйзамсыз ташып бараткан унаа кармалды

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1150 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунда аткезчилик жол менен Тажикстандан лимон ташыган унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы салмагы 3 тоннаны түзгөн тиешелүү коштоочу документтери жок аткез товарды Кыргызстанга сатуу үчүн алып келаткан.

Учурда УКМК тарабынан иштин жана ага тиешеси бар адамдардын фактылык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иштер улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM