Биз менен байланышыңыз

Жапаров Баткен облусуна барды

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1476 | 0

Бүгүн, 3-апрелде Баткен облусунда өтүп жаткан «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына президент Садыр Жапаров да катышып жатат.

Ага катар эле ӨКМдин, Коргоо министрлигинин, ИИМдин жетекчилиги да жүрөт. Иш-чаранын алкагында 2 күндүк машыгууда тартылган тасма көрсөтүлдү.

Буга чейин Коргоо министрлиги иш-чаранын максаты ар кандай табигый, техногендик кырсыктарга, массалык башаламандыкта жана өзгөчө кырдаалдарга карата күч түзүмдөрүнүн, атайын кызматтарынын, мекеме-ишканаларынын даярдыктарын текшерүү болуп саналарын билдирген.

Ага 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын унаа, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык система, онго чукул авиациялык техника тартылган.

Жапаров алдыда энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.

Президент иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат

Copyright © 2017 Maral FM