Биз менен байланышыңыз

Президент иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1255 | 0

Президент Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат.

Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Баткен облусунда Жапаров «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат.

Мындан сырткары, энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.

Иш сапардын экинчи күнүндө Жапаров Ош облусунун Алай районун кыдырат.

Copyright © 2017 Maral FM