Бүгүн, 3-апрелде Баткен облусунда өтүп жаткан «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына президент Садыр Жапаров да катышып жатат.
Ага катар эле ӨКМдин, Коргоо министрлигинин, ИИМдин жетекчилиги да жүрөт. Иш-чаранын алкагында 2 күндүк машыгууда тартылган тасма көрсөтүлдү.
Буга чейин Коргоо министрлиги иш-чаранын максаты ар кандай табигый, техногендик кырсыктарга, массалык башаламандыкта жана өзгөчө кырдаалдарга карата күч түзүмдөрүнүн, атайын кызматтарынын, мекеме-ишканаларынын даярдыктарын текшерүү болуп саналарын билдирген.
Ага 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын унаа, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык система, онго чукул авиациялык техника тартылган.
Жапаров алдыда энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.