Биз менен байланышыңыз

Нидерланды 60 жашка чейинкилерге «AstraZeneca» вакцинасын алууга тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1505 | 0

Нидерланды тромбоздон улам 60 жашка чейинки адамдарга «AstraZeneca» вакцинасын саюуга тыюу салды.

«RTL Nieuws» билдиргендей, мындай чечимди өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Уго де Йонге Саламаттыкты сактоо кеңеши, Улуттук саламаттыкты сактоо институттары жана MEB Медициналык агенттиги менен вакцинанын терс таасирлеринен улам кеңешкенден кийин кабыл алды.

Белгиленгендей, буга чейин 10 миң эмдөө жокко чыгарылган, алар 7-апрелге чейин өлкөнүн 60 жашка чейинки тургундарына берилиши керек болчу.

Нидерланды «AstraZeneca» менен эмдөөдөн кийин тромбоздун беш учуру катталганын билдирди. Бир адам каза болду.

Вакцинациядан улам ушундай эле кесепеттүү терс таасирлер 60 жашка чейинки аялдарда байкалгандыгы белгиленди.

Европалык дары-дармек агенттиги (EMA) вакцинанын терс таасирлерин изилдөөнү улантууда. EMA эмдөө боюнча эмки шаршембиде жаңы корутунду чыгарат.

Азырынча Нидерландияда болжол менен 400 миң адам «AstraZeneca» вакцинасын алган.

Март айынын аягында «AstraZeneca» вакцинасынын аты өзгөрүп, «Vaxzevria» деп аталып калган. Вакцинанын аталышынын өзгөрүшү эмделген адамдарда кооптуу учурлар болуп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрдөн улам болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM