Биз менен байланышыңыз

Тромбоэмболия менен AstraZeneca’нын ортосундагы байланыш айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2021 | 534 | 0

Германиядан жана Норвегиядан келген окумуштуулар тобу британиялык-шведдик AstraZeneca компаниясынын вакцинасы сейрек учурларда аутоиммундук реакцияны жаратып, мээдеги кан уюп, тамырлардын тромбоэмболиясына алып келиши мүмкүн экендигин аныкташты. Бул тууралуу The Wall Street Journal билдирди.

Март айында 20дан ашык өлкө, алардын көпчүлүгү Европада, AstraZeneca вакцинасын колдонууну токтотушкан. Себеби эмделгендер тромбоздун жана тромбоэмболиянын ондогон учурлары (анын ичинде өлүмгө алып келген учурлар) катталган.

Норвегиядагы тромбдорду изилдеген гематология профессору жана Осло университетинин ооруканасынын башкы дарыгери Пол Андре Холм, анын тобу вакцина тарабынан түзүлгөн терс реакцияны жараткан антителону тапканын айтты.

«Бул адамдардын мындай иммундук реакцияга туш болгонуна вакцинадан башка себеп көрбөй турабыз», — деди Холм. Бул билдирүүдөн кийин Норвегиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги AstraZeneca менен эмдөөнү кайрадан баштабай тургандыктарын жарыялады.

Ушундай эле ачылыштар Германиянын Грейфсвальд университетинде да айтылды. Медицина профессору Андреас Грейнахердин айтымында, вакцинага организмдин кооптуу реакциясынын белгилери баш оору, баш айлануу, көрүү начарлашы байкалган.

«Бул татаалдаштыруу эмделген адамдардын өтө аз бөлүгүндө пайда болот. Андай боло турган болсо, эми аларга кандайча мамиле жасоону билебиз», — деди Грайханер. Ал белгилегендей, тромбоэмболияга алып келиши мүмкүн болгон вакцина менен байланышкан татаалдашууларды орто деңгээлдеги ооруканаларда дарыласа болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM