Президенттин расмий сүрөтчүсү Султан Досалиев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Бүгүн, 2-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти Султан Досалиев 1981-жылы 1-мартта Талас облусунун Талас районунда төрөлгөн.
Ал Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин телекоммуникация факультетин бүтүргөн.
Досалиев алгач гезиттерде иштеп, кийин Кыргызстандын президентинин расмий сүрөтчүсү болгон. Экс-президенттер Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун жана Садыр Жапаровдун сүрөтчүсү.
Президент Жапаров 125 адамга мамлекеттик сыйлык тапшырды