Биз менен байланышыңыз

БШК шайлоо бюллетендерин жер-жерлерге жөнөттү

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1099 | 0

БШК 1-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендерин аймактардагы жана чет өлкөлөрдөгү тилкелерге жөнөттү.

Референдумду өткөрүү үчүн 3 млн 600 миң 996 бюллетень даярдалды, анын ичинен 4 миң 966 бюллетень Брайль ариби менен басылды.

Бишкек шаарына — 415 миң 978, Ош шаарына — 150 миң 346, Жалал-Абад облусуна — 673 миң 327, Ош облусуна — 732 миң 963, Баткен облусуна — 299 миң 847, Нарын облусуна — 206 миң 313, Ысык-Көл облусуна — 311 миң 935, Талас облусуна — 160 миң 212, Чүй облусуна — 595 миң 887, чет өлкөлөрдөгү тилкелерге — 54 миң 189 бюллетень жөнөтүлдү.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 1 млн 45 миң 692 бюллетень даярдалды, алардын 1196сы Брайль ариби менен басылды.

Жалал-Абад облусуна – 479 миң 421, Ош облусуна – 621 миң 421, Баткен облусуна – 188 миң 358, Нарын облусуна – 160 миң 644, Ысык-Көл облусуна – 228 миң 920, Талас облусуна – 130 миң 342, Чүй облусуна – 451 миң 606 бюллетень берилди.

Жалпысынан  6 млн 907 миң 400 бюллетень даярдалып, референдумдун бюллетени көгүш түстө, депутаттарды шайлоо бюллетени түссүз басылып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM