Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов эмдөөдөн качан өтөт? Өкмөттүн жообу

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1103 | 0

Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун пикири боюнча вакцинаны эң биринчи кезекте тобокел тобундагылар алышы керек. Алар – медициналык кызматкерлер, аскер кызматкерлери жана мугалимдер. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы «Маралга» кабарлады.

Улубек Марипов вакцинаны өлкөнүн бардык жарандары алышы керектигин жана өзү да Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан жобонун, кезектин негизинде аларын айткан.

Ал буга чейин коронавирус илдети менен ооруп айыккан, ошондуктан дарыгерлер анын иммунитети бар экенин айтышкан.

Өкмөт башчынын пикиринде, эмдөөдөн эң биринчи кезекте иммунитети жоктор өтүшү зарыл.

Кыргызстанда 29-мартта коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM