Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү алгачкы индустриалдык парк эмнелерди камтыйт?

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2021 | 1132 | 0

Кыргызстанда алгачкы текстилдик-индустриалдык парк курула баштады. Өкмөт жактан колдоо болуп жатат. Бул тууралуу «Silk Way» ири индустриалдык паркынын өкүлү Жеңишбек Максуталиев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, долбоордун максаты: өлкөнүн жеңил өнөр жай өндүрүшүн дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү.

Индустриалдык парктын аймагында ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Тагыраагы, бажы-логистикалык борбор болот да, келген жүк ордунда бажылык тариздөөдөн өтөт. Ири кампалар, Европа стандарттарына жооп берген фабрикалар курулуп жатат. Жарманкелер уюштурулат.

Учурда курулуш иштери башталды. Биринчи этапта 20 млн долларлык каржылоо каралган. Анын ичинен азыркы тапта 8 млн доллар долбоорго сарпталды.

Төрт айдан кийин фабрикалар колдонууга тапшырылат. Ал эми 6 айдан кийин эксперттик борбордун биринчи блогунун курулушу толугу менен аяктайт.

«Долбоордун негиздөөчүсү — «Альфа Карго» ишканасы. Ал жеңил өнөр жай өндүрүшүн чет өлкөгө, ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарган ири транспорттук компания. Бул багытта иштеп жүрүп, бир топ көйгөйлөргө дуушар болдук. Мындан улам парк курулуп жаткан аймак аэропортко, Казакстандын чек арасына жакын. Ыңгайлуулугуна жараша ошол аймакты, 70 гектар жерди тандап алдык», — дейт Максуталиев.

Ал белгилегендей, паркта иштеген кызматкерлерди ташуу маселеси каралган. Мындан сырткары жумушчулар шаарчасын куруу пландалып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM