Биз менен байланышыңыз

«Индустриалдык паркта 3 миң чарчы метр фабрика даяр»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2021 | 1045 | 0

Индустриалдык парктын аймагында 3 миң чарчы метр фабрика даяр. Ар бир фабрикада 200дөн жумушчу иштейт. Бул тууралуу «Silk Way» ири индустриалдык паркынын өкүлү Жеңишбек Максуталиев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, фабрикалар иштеп баштаганда жарманкелер уюштурулат. Дүйнөлүк деңгээлдеги күчтүү адистер чакырылып, ишкерлерди окутуулар жүргүзүлөт.

«Төрт айдан соң 15 ишкерге фабриканын ачкычы тапшырылат. Дүйнөлүк өндүрүшкө атаандаш болууга аракет жасайбыз. Ири көлөмдөгү буюртмаларды аткарууга толук көзүбүз жетет. Мамлекет тарабынан ишкерлерге колдоо күтөбүз», — дейт Максуталиев.

“Индустриалдык парк: 30 миң жумуш оруну түзүлөт”

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM