Биз менен байланышыңыз

«Индустриалдык парк: 30 миң жумуш орун түзүлөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2021 | 1355 | 0

Кыргызстанда алгачкы ирет курулуп жаткан текстилдик индустриалдык парк ишке кирсе, 30 миң жаран жумуш менен камсыз болот. Бул тууралуу «Silk Way» ири индустриалдык паркынын өкүлү Жеңишбек Максуталиев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, парктагы орундар, фабрикалар, күркөлөр сатылып, ишкердин жеке менчигине өткөрүлөт, ижарага берилбейт. Болгону коммуналдык төлөмдөргө, техникалык кызматтарга төлөп турушат.

Парктын аймагында ишкердик жүргүзгөн ишкерлерге юридикалык-маалыматтык колдоо көрсөтүлөт. Ишкерлерге жарандык чектөө жок. Чет өлкөнүн жарандарына да эшик ачык.

Өндүрүлгөн товардын 10-15%ы гана Кыргызстандын аймагында калса, калганы негизинен Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.

Парк атаандаштыкка туруштук берет. Түркия, Индия, Малазиянын мисалында ири кластер жаралууда. Европа өлкөлөрү, ЕАЭБ мамлекеттериндеги ири тармактык дүкөндөрдөн буюртмаларды алууга шарт түзүлөт.

Паркты куруу — кыргыз ишкерлеринин демилгеси. Долбоордо чет өлкөлүк инвестиция жок. 100% жергиликтүү ишкерлердин аракети менен курулууда. Долбоордүң биринчи этабы жалпысынан 20 млн долларга бааланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM