Биз менен байланышыңыз

Ленин районунун мурдагы акими үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 899 | 0

Бюджеттик мүлктү партиялардын бирине үгүт жүргүзүү үчүн берген деген шек менен кармалган Бишкек шаарындагы Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Чынасыл Чыныбаев тергөө аяктаганча, тактап айтканда, 27-майга чейин үй камагында болот.

Чынасыл Чыныбаев Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү) жана 39-беренесинин 2-бөлүмү (кылмышка аракеттенүү) менен айыпталып, УКМК тарабынан 29-мартта камакка алынган.

Ошол эле күнү аким кызматтан алынып, ордуна Мелис Өскөмбаев дайындалган.

УКМК: Бишкектин Ленин районунун акими кармалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM