Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бишкектин Ленин районунун акими кармалды

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 1809 | 1

Бюджеттик каражатты туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкектин Ленин райондук администрация башчысы Чынасыл Чыныбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрация башчыларынын бири кармалган.

Кармалган адам бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген. Бул бюджеттик каражаттар Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга арналган. Ал Бишкектин Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев экени маалым болду.

Кармалган аким УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тийиштүү иштерди улантууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Кыргыз

    30.03.2021 11:15

    Деги эле баардык шаар айыл окмоттордун жергиликтуу бюджеттеринин рацианалдуу эффективдуу максаттуу сарамжалдуу пайдалануусун козомол кылбаса болбойт.жергиликтуу бюджеттен ар кандай кереги жок мекемелерди ачып алышып мафиялашкан уюм болуп эптеп эле бюджеттик каражаттарды сарптоодо.Республикалык бюджетти козомолдогончо жергиликтуу бюджетти да кошо козомолдоо керек.экоо кошулуп мамлекеттик бюджет болуп саналат. Андан сырткары мамлекеттик мекемелерге Эл энергия сын Бекер же болбосо арзан тарифте беруусу зарыл.жергиликтуу бюджеттин копчулук каражаты Электр энергияга толонуп дотациядан чыгууга мумкунчулуктору болбойт ошо менен башкача айтканда мамлекеттик каражат менен эле РЭТ ишканалары оздорунун бюджетин толтурушууда.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM