Биз менен байланышыңыз

Парламентте депутат Шералы Абдылдаев ант берди

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 996 | 0

Жогорку Кеӊештин 31-марттагы жыйынында «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Шералы Абдылдаев ант берди. Ал депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Текебаевдин ордуна келди.

Мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

29-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги бош депутаттык мандатты Шералы Абдылдаевге өткөрүп берген.

Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин карап, буга чейин чыгарылган соттун өкүмдөрүн күчүндө калтырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM