Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 944 | 0

Бүгүн, 31-мартта Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. 

Бүгүн салык органдары салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

— мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери,

— жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр,

— менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери,

— юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Жарандар 1-апрелге чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM