Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Исабековдун калемине таандык «Кумтөр» — акталбаган үмүттөр» аттуу китеп жарык көрдү. Эмгектин бет ачары бүгүн, 30-мартта өтүп, ага саясатчылар, парламент депутаттары, коомдук ишмерлер жана «Кумтөрдүн» ишин учурда иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышты.
Китепте «Кумтөр» алтын кенинин ишмердиги, ишке кирген мезгилинен берки түзүлгөн келишимдер, пайда-зыяндар, анын жергиликтүү тургундарга тийгизген таасири, кен иштетүүдөгү оош-кыйыштар тууралуу 16 жылдык иликтөөсү камтылган. 2011-жылы ушул эле автордун аталган кен боюнча «Кумтөрдөгү «алтын» мафия» аттуу китеби басылган.
Кубанычбеков бул кенди иликтеп, элге алып чыгуусуна алгач 1998-жылы Барскоон суусуна зыяндуу калдык төгүлүп, жергиликтүү элди жабыркатканы себеп болгонун айтат.
«Өлкөбүздүн байлыгына кол салып, жеке кызыкчылыгы үчүн экономикабыздын, экологиябыздын кендирине балта чаап, чет элдик ишкерлерге сатып байыган «баатырларды» кыргыз эли билиши керек. Аны «ийне-жибине» чейин изилдеп, чындыктын бетин ачууга аракет кылып келем. Кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди, Кыргызстандын Конституциясына туура келбеген жагдайын далилдеп, канадалык компанияны, Кыргыз Өкмөтүн баш кылып, жалпы жонунан 45 жолу соттоштум. Канадалык компаниянын жактоочулары болгон мамлекеттик «машина» менен жеке күрөшүүгө туура келди. Мындай сот процесси эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кездешпеген алгачкы саамалык болду. Кыяматтын кыл көпүрөсүндөй кылтылдаган нечендеген кыйынчылыктарды баштан кечирдим», — деди Исабеков.
Автордун белгилешинче, кен ишке киргенден бери элге иштебей, ар кайсы шылуундарга тонолуп келгенин, бул боюнча кимдердин кызыкчылыгы ойногонун ачып берген.
«Кумтөр» алтындын кору боюнча дүйнөдө 7-орунда, Орто Азияда 1-орунда турат. Аны канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы иштетет.
Азыркы мезгилде «Кумтөр» кени мыйзамдуу келишимдерге ылайык, өлкө казынасына 13 %, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 1 % салыктык төгүм аткарат. Ошондой эле кенди иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясында мамлекеттин 26,6%дык үлүшү бар.