Биз менен байланышыңыз

Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» фракциясынын лидери болду

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 1330 | 0

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашты. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, фракция лидерлигине депутат Сайдулла Нышанов тандалды.

«Ата Мекен» фракциясын буга чейин депутат Айсулуу Мамашова жетектеген. Ага чейин партия лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын лидери болчу.

30-мартта «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандаты тизмеде кийинкиде турган Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге берилди.

Copyright © 2017 Maral FM