Коргоо министрлигинин армиясынын көчмө концерт уюштуруучулары Бишкек-Ош жолунда кырсыкка учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кырсыкта 1981-жылы туулган Н.А. аттуу аскер кызматкери окуя болгон жерде каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, мерт кеткен жаран Нурзат Ажыкожоева аттуу ырчы экени айтылууда.
Борбордук штабдын маалымат кызматы расмий билдиргендей, окуя 29-мартта катталган. Бишкек-Ош жолунда аскердик унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Н.А. аттуу аскер кызматкери каза болуп, дагы бир жоокер колунан жаракат алган.
Алдын ала айтылган маалыматка караганда, катаал аба ырайына байланыштуу аскердик унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, 5 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.