Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталат

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 1059 | 0

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы бүгүн, 29-мартта башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлаган.

Буга чейин Ош шаарына жана Чүй облустарына вакцина жеткирилген. Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн атайын окутуулар да өткөрүлгөн.

Эмдөө алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 5 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Борбор Азия мамлекеттери боюнча алсак, Казакстанда эмдөө 1-февралда башталган. Тажикстан болсо 23-мартта жапырт баштады. Ал эми Өзбекстан болсо эмдөө 1-апрелден тарта ишке кирерин жарыялады.

Эртең коронавируска каршы эмдөө башталат. Коопсуздугуна кепилдик берилеби?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM