Ош облусунда бангизаттарды сатып жүргөн канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
25-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунда бангизаттарын сатып жүргөн жергиликтүү тургун жана ИИМдин бангизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүн башчысы, милициянын майорун кармалды.
Кылмыштуу топ өзгөчө ири өлчөмдө бангизат сатуу менен узак убакыттан бери алектенип келгени аныкталды. Алардын жанынан 550грамм гашиш жана 100 граммга жакын героин табылды.
Кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Азыркы учурда УКМК жогорудагы фактыга тиешеси бар башка жактарды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.