Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө 90 стационардык аппараттык-программалык комплекс иштейт

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 807 | 0

Азыркы убакта Кыргызстандын аймагында 90 стационардык аппараттык-программалык комплекс бар. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында аппараттык-программалык комплекстер унаа көп жүрө турган 38 көчөнүн кесилишине жана  жогорку ылдамдыкта айдашы мүмкүн делген 4 тилкеде орнотулган. Ал эми Чүй облусунун аймагында 48 жол тилкеси ылдамдыкты бузуу фактыларын каттаган стационардык комплекс менен жабдылган.

Мындан тышкары 20 мобилдик аппараттык-программалык камсыздоо тутуму Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жолдорунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан бекитилген жайгашуу карталарынын негизинде иштейт.

Аппараттык-программалык комплекс орнотулган жерлерде жол кырсыктары Бишкек шаарында 52%га, Чүй облусунда 70%га чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда жол кырсыгынан оор жаракат алгандардын саны кескин азайган. Кошумчалай кетсек, «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык системасы 740 кылмыштын бетин ыкчам ачууга көмөк көрсөттү.

Мамлекеттик төлөм шлюзу аркылуу бузуулар үчүн төлөнгөн айыптар Финансы министрлигинин казыналык эсебине, тактап айтканда, мамлекеттик бюджетке түшөт.

Ал эми статистикалык маалыматтарга ылайык, жол кырсыктарынын 80 пайыздан ашыгы айдоочулардын күнөөсүнөн улам болот. Ушуга байланыштуу окшош көйгөйлөрдү чечүүдөгү чет өлкөлүк тажрыйба эске алынып, 2014-жылы Кыргыз Өкмөтү «Жол эрежесин бузуу фактыларын оңдоо процессин автоматтык түрдө камсыз кылган инновациялык-техникалык жабдууларды киргизүү жөнүндө» чечим кабыл алды.

«Коопсуз шаар» долбоору — жалпы жарандардын, анын ичинде жаш өспүрүмдөрдүн өмүрүн кыйган жол кырсыктарын азайтууга багытталган мамлекеттик долбоор.

Жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө чечимдерди чыгаруу, тактап айтканда, эреже бузуулар үчүн айып пул салуу, жол кыймылынын эрежелерин сактабаган айдоочуларга карата алдын алуу иш-чараларынын элементи болуп саналат.

Экинчиден, бул коррупция менен күрөшүүнүн бир бутагы болуп саналат. Анткени жарандын жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкери менен байланышы бир кыйла кыскарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM