Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз менчиктештирилген батир мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 588 | 0

Ош облустук прокуратурасы Папан суу сактагычына таандык үч бөлмөлүү батирди мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайты жарыялады.

Текшерүүдө аныкталгандай, 2017-жылы «С. Ибраимов атындагы Папан суу сактагыч башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын балансындагы Ош шаарында жайгашкан үч бөлмөлүү батир ошол учурдагы мекеменин жетекчиси тарабынан 184 миң 500 сомго мыйзамсыз менчиктештирилген.

Аталган мүлктүн учурдагы базар баасы 3 млн 550 миң сомду түзөт.

Мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтаруу максатында Ош облустук прокуратурасы сотко доо арыз менен кайрылган.

Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында доо арыз толук көлөмдө канааттандырылып, батирди менчиктештирүүгө негиз болгон чечим жана андан аркы соода-сатык келишимдер жокко чыгарылган.

Ушул жылдын 11-мартындагы облустук прокуратуранын талабынын негизинде кыймылсыз мүлк жогоруда айтылган ишкананын менчигине кайтарылды.

Copyright © 2017 Maral FM