Биз менен байланышыңыз

30-мартка чейинки аба ырайы

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 595 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-30-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 29-30-марттарда тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. 26-мартта күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, 29-мартта күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

29-30-марттарда абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM