Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанга өтүп кетүү коркунучу бар делген «Нургазиев» каналы толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 441 | 0

Кадамжай районундагы «Нургазиев» каналы Өзбекстандын аймагына өтүп кетпейт. Анткени «Нургазиев» каналы толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу гана агып өтөт.

«Нургазиев» каналы Кадамжай районундагы Ак-Суу дарыясынан бөлүнүп чыгып, Кадамжай шаарынын Пүлгөн, Жаңы-Жер айылдарынан, Халмион, Алга айыл аймактарынан, ал эми каналдын туннели, Өзбекстан Республикасынын Фергана районунун Водил айылынын түндүк тарабында, мамлекеттик чек ара сызыгынан 150-200 метр алыстыктан өтөт.

Бул суу каналы жайгашкан аймактар Кыргызстан менен Өзбекстандын делимитация боло элек аймактарына кирбейт жана бул маселе эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясында каралышы мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова демаркация иштеринин жүрүшүндө, Кадамжай районундагы Нургазиев туннелинин башынын Өзбекстанга өтүп кетүү коркунучу бар жана аймактагы элдин кызыкчылыгын коргоо, стратегиялык обьекттин сатусун эске алууну белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM