Гүлназ Исаева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Гүлназ Исаева — диний маселелер жана дин аралык диалог боюнча адис. Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери болуп иштеп келген.