Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Бала бакча үчүн бөлүнгөн жерге үй салып алышкан

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 747 | 0

Бишкек шаарындагы жеке менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылып алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Арча-Бешик конушундагы №93 мектептин балансына алынып, бала бакча салуу үчүн ажыратылган жер тилкеси 4 бөлүккө бөлүнүп, мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул иш 2005-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары тарабынан «Жер жөнүндө» жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдарды одоно бузуу менен жасалганы аныкталды.

Мыйзамсыз иш боюнча фактынын негизинде текшерүү жүргүзгөн Ленин райондук прокуратурасы жер тилкелерине берилген документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз келтирди. Жыйынтыгында, жалпы баасы 23 млн 334 миң 120 сомду түзгөн 4 тилке мамлекеттин эсебине кайтарылып, мэриянын карамагына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM