Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Кадастр» ишканасынын кызматкерлери кармалды

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 802 | 0

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ишкананын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзам бузууга барган. Тактап айтканда, жер тилкесинин баштапкы документтерин кайрадан жасап, андан ары жеке адамдарга каттатуу үчүн ал жердин аянтын 1,7 гектарга көбөйтүшкөн. Бул мыйзамсыз аракеттин кесепетинен мамлекетке 17 миллион сом зыян келген.

Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган бул фактынын негизинде «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана укуктарды каттоо боюнча башкы адиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM